Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго кылмыш иши ачылганы тууралуу маалыматтарга байланыштуу түшүндүрмө берди. Мекеме Б.Абдыкапаровго түздөн-түз кылмыш иши козголбогонун билдирүүдө жана "Бакыт Абдыкапаров Бишкек ЖЭБине сапатсыз көмүр жеткирүү боюнча кылмыш ишинде айыпталууда" деген маалыматты расмий түрдө четке кагат.
"Аталган кылмыш иши боюнча Башкы прокуратуранын башкармалык жетекчиси Н.Д., Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери М.М., "Электр станциялары" ишканасынын коммерциялык директору К.И., Бишкек жылуулук электр борборунун кызматкери Т.М. жана "Жезказган Энергосбыт" компаниясынын өкүлү Т.Б. айыпталууда.
2015-жылдын 5-январында УКМКнын Тергөө башкармалыгы жабырлануучунун арызына ылайык, "алдамчылык" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин ачкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө бир ууч адамдар УКМК тарабынан "Тазалык" ишканасынын жооптуу кызматкерине козголгон кылмыш ишин токтотууга жардамдашууну айтып, алдоо жолу менен 50 миң доллар алганы тууралуу маалыматтар чыкты. Кылмыш иши боюнча күбөлөр бул фактыга башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун катышы бардыгын айтып, тикелей көрсөтмө беришти",- деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.