Назарали Арипов "депутатты керектүү учурда колдонуп, керексиз учурда садага чаап салуу туура эмес" дейт

"Республика" фракциясынын депутаты Элмурат Обдуновду мандатынан ажыратуу боюнча фракциянын чечими мыйзамсыз". Муну депутат Назарали Арипов Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитетинин 20-январдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, фракция 7-8 гана депутаттын катышуусу менен чечим кабыл алып койгон.

“Депутатты керектүү учурда колдонуп, керексиз учурда садага чаап салуу туура эмес. Анын үстүнө чечим мыйзамсыз кабыл алынган. Фракциянын 2 жылдан бери жыйынга катышпай келген депутаттары бар, мен да жарым жылдан бери жыйынга катышпайм”,- деди Арипов.

Фракция жыйындарына Обдунов ооруп жаткандыгына байланыштуу келе албай калганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан