"Отставкага кетүүгө арыз жазган жокмун" деди Жоомарт Оторбаев

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2015-жылы өтүүчү парламенттик шайлоого катышары же катышпасы тууралуу чечим чыгара элек. Муну өкмөт жетекчиси 20-январда журналисттер менен жолугушууда билдирди. Өзүнүн саясатка аралашуусун Оторбаев төмөнкүчө түшүндүрдү: 
"Өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымымды кошоюн деп саясатка келдим. Ушуга таянып чечим кабыл алам, азыр биздин башкы максат - демократияны өнүктүрүү",- деди премьер. 
Өкмөт башчы кызматтан кетүүгө арыз жазбаганын да айтып: "Айрым маалыматтарда айтылгандай, мен отставкага кетүүгө арыз жазган эмесмин. Өкмөттүн кандай иштеп жатканына эл өз баасын берет",- деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан