"Күрмөнтү" цемент заводу талкаланып бүткөн" деди премьер-министр

"Күрмөнтү" цемент заводунда баалуу эч нерсе калган эмес, талкаланып бүткөн",- деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев 20-январда журналисттер менен жолугушууда. Бирок анда инфраструктура, жол жана коммуникация бар экенин белгилеген премьер аймактагы аки таш кенин иштетүү үчүн сынак жарыялоо чечими кабыл алынганын билдирди. "Лицензияны утуп алган тарап долбоор боюнча инвестициялык сунушун айтат. Бул абдан жакшы долбоор, анткени бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бизге бул завод керек",- деди Оторбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан