Жогорку Кеңештин комитети бир катар мыйзамдарды күчүн жоготту деп табуу боюнча мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды

"КРнын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети 20-январдагы жыйынында 2-окууда жактырды. Ага ылайык, колдонуудан чыккан 11 мыйзамды жаңы кабыл алынып жаткан мыйзам актыларына карама-каршылыктарды жаратпашы үчүн күчүн жоготту деп табуу сунушталган. Мыйзам долбооруна 2-окууга чейин жазуу жана оозеки түрүндө сунуш түшпөгөнү айтылды. 
Юстиция министрлигинин өкүлү актуалдуулугун жоготуп, колдонуудан чыккан мыйзамдардын топтому даярдалып жатканын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан