Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинде балдарга карата болгон зордук-зомбулукту жана күч колдонуунун алдын алуу боюнча маселе каралды. Комитет жыйынына Билим берүү жана илим министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Социалдык өнүгүү министрлигинин, Эмгек, миграция жана жаштар министрликтеринин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Отурумда зордук-зомбулукка кабылып, учурда комада жаткан 2 жашар бала тууралуу сөз болду. Мындай көрүнүштөр социалдык абалы начар үй-бүлөлөрдө көбүрөөк кездешип жатканы айтылып, бир катар мисалдар келтирилди.
“Зомбулуксуз мектеп” долбоорунун алкагында түшүндүрүү иш-аракеттери аткарылып жатканы айтылды.
Депутат Карамат Орозова бул маселе боюнча чоң жыйын өткөрүү жана Балдар жана Үй-бүлө кодексине түзөтүү киргизүүнү сунуштаса, депутат Элмира Иманалиева балдарды коргоо боюнча улуттук комиссияны кайра калыбына келтирүүнү сунуштады.
Андан кийин комитеттин тиешелүү чечими кабыл алынды.