Башкы прокурор Аида Салянова кечээ, 19-январда өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жеке кабыл алуусунда болду. Маалыматты бүгүн парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев билдирди. Анын билдиришинче, башкы прокурордун кызматтан кетүүгө арыз жазышы - анын жеке чечими болду.
Айта кетсек, аталган комитет 20-январдагы жыйынында башкы прокурордун отставкага кетүү өтүнүчүнө макулдук берди. Маселе жакын арада парламенттин жалпы кароосуна чыгары күтүлүүдө.