Кыргызстанда Апрель окуясынын 5 жылдыгы жана Март окуясынын 10 жылдыгын белгилөө боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Кыргызстанда Элдик Апрель революциясынын 5 жылдыгы жана Март революциясынын 10 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Уюштуруу комитетин премьер-министр Жоомарт Оторбаев жетектейт жана түзүмгө бир айдын ичинде иш-чаралардын планын түзүү тапшырмасы берилди. Ал эми өкмөткө аталган иш-чараларды каржылоо, даярдоо жана өткөрүү боюнча маселелерди чечип берүү милдети жүктөлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан