Кыргызстанда 2014-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы менен орточо маянанын суммасы 12 151 сомду түздү (чакан ишканаларды эске албаганда). Улуттук статистика комитети 20-январда билдиргендей, бул көрсөткүч 2013-жылдын январь-ноябрь айларындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 9,6 пайызга көп. 2013-жылдын аягында орточо айлык акынын суммасы 11 057 сом экени айтылган. Кошумчалай кетсек, мекеме 2014-жылдын январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо маянасы 11 845 сомду түзгөнүн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,9 пайызга көп экенин билдирген эле.