Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 20-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алып, тараптар Баткендеги "Айкөл" чек ара тозотунда болгон окуяны талкуулашты. Өкмөт башчы аталган окуядан каза тапкан кызматкердин үй-бүлөсүнө жана жаракат алган чек арачыларга акчалай жардам берилерин белгиледи.
Оторбаев мындай окуяларды, аскердеги "дедовщинаны" жана жоокерлер арасындагы суицидди болтурбоо үчүн Чек ара кызматы аскерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарылдыгын белгилеп: "Аскердик кызматты өтөө системиндеги ар бир кайгылуу окуя бизге чоң сабак болушу керек",- деп билдирди.