2014-жылы жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдарды бузуудан мамлекетке 11 миллион сомдук зыян келтирилген

Кыргызстанда 2014-жылы жаратылышты коргоо жаатындагы мыйзамдарды бузуу боюнча 622 фактынын бети ачылып, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 11 миллион 532 миң сомду түзгөн. Маалыматты 20-январда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде өткөн жыйында аталган мекеменин статс-катчысы Бактияр Абдиев билдирди.

"Мунун ичинен 410 факт - дарактарды мыйзамсыз кыюу, келтирилген зыян - 8 миллион 864 280 сом. Жаратылышты коргоодогу мыйзамдардын бузулушу боюнча укук коргоо органдарына 76 материал жиберилди, чыгымдын суммасы - 7 миллион 673 620 сом. Мунун ичинен 6400 сомдук 6 материал каралды. Калган 70 иш учурда соттук тартипте каралууда",- деп билдирди. 

Жыйынга катышкан биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев токой чарба тармагы боюнча укуктук-нормативдик актылардын эскирип бүткөнүн, аларды жаңылоо керектигин белгиледи. 2014-жылы өлкөдө токой фондуна караштуу 384 178 гектар жерди ижарага берүү боюнча 21 239 келишим түзүлгөнү, мунун эсебинен 31 миллион 48 миң сом киреше түшкөнү айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан