Ош шаардык ички иштер башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу аталган башкармалыктан бүгүн, 21-январда билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары болуп милициянын полковниги Таалай Коңурбаев дайындалды. Ал мурда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүн жетектеген. Ал эми Коңурбаевдин ордуна Нурбек Маматов келди. Тиешелүү буйрукка ички иштер министри 10-январда кол койгон.