Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров юстиция министринин жардамчысы болуп иштейт

Башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун жардамчысы болуп иштейт. Маалыматты 21-январда SUPER.KG порталына аталган министрликтен билдиришти. Б.Абдыкапаров министрдин жардамчысы катары 2014-жылдын 5-ноябрынан бери иштеп келгени маалымдалды.
Айта кетсек, Б.Абдыкапаров Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү) боюнча айыпталууда. УКМК билдиргендей, ал "Тазалык" ишканасынын жогорку кызматкерлерине козголгон кылмыш ишти кыскартып берем деген убада менен 50 миң доллар алган" деп шектелүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан