Турсунбек Акун өзүнчө партия түптөдү

Кыргызстандын мурунку акыйкатчысы Турсунбек Акун "Адам укугу" аттуу жаңы саясий партия түздү. Бүгүн, 21-январда партиянын алгачкы жыйыны өтүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө Т.Акун партиянын негизги милдеттери менен тааныштырды. "Мен 25 жылдан бери адам укуктарын коргоп келем. Мындан улам биздин партия бул маселеге күчүн багыттайт. Мындан тышкары жаштарды туура тарбиялоо, жаш кадрларга саясатка аралашууга мүмкүнчүлүк берүүнү да көздөйт. Анткени учурда саясатчылардын көбү 55 жаштан жогору. Кыргызстан активдүү, күчтүү, жаш саясатчыларга муктаж",- дейт Акун.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан