Жогорку Кеңеш "Кыргызстан менен Катар өлкөсүнүн ортосундагы экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" ратификациялык мыйзам долбоорун 21-январда карап, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөттү.
Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, акыркы кезде Кыргызстан араб өлкөлөрү, анын ичинде Катар мамлекети менен кызматташтык мамилелерди жандандырууда. "Катар Кыргызстанга экономикалык инвестиция салып, бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга, биоветеринардык лабораторияларды куруп, экологиялык жактан таза эт азыктары менен минералдык сууларды алууга кызыкдар. Азыр өкмөттөр аралык жумушчу комиссиясы иш алып барууда",- деди Касымалиев.