Башкы прокурор Аида Салянова кызматтан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 22-январда президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. "Өлкө башчы кол койгон жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Салянова Аида Жеңишбековна ээлеген кызматынан бошотулду",- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Аида Салянова 2011-жылдын 14-апрелинен бери башкы прокурор кызматында иштеп келген. 2015-жылдын 19-январында анын отставкага кетүүгө арыз жазганы расмий жарыяланып, 21-январда Жогорку Кеңеш аны кызматтан бошотууга макулдук берген.
Башкы прокурор кызматтан кетүү себебин ачыктаган жок.