Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-январда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчыга жогорку билим берүү системин жана илим тармагын реформалоо боюнча өкмөт жасап жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Министр мектепке чейинки мекемелерде жана мектептерде билим берүү инновацияларын жайылтуу планы тууралуу айтып берди.
"Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү жана илим тармагындагы реформаларды эффективдүү ишке ашыруу маанилүү экенин белгиледи. Билим берүү жана илим министрлигине Каржы министрлиги менен биргеликте мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселесин иштеп чыгуу тапшырмасын берди",- деп билдирет президенттик аппарат.