Кыргызстанга көчүп келишкен этникалык кыргыздарды жана алардын жазуу жүзүндөгү өтүнүчтөрүн кабыл алуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө ишке ашууда. Министрлик этникалык кыргыздарга кайрылман статусун берүү 2010-жылдан бери жүргүзүлүп келгенин, алардын кайрылман экенин тастыктоочу документ акысыз берилип жатканын билдирет. Аларга төмөнкүдөй жеңилдиктер каралган:
- Мектепке чейинки мекемелерде, мектепте орундар, жогорку жана кесиптик техникалык окуу жайларынан атайын бөлүнгөн квоталар;
- Кыргызстандын жарандары менен бирдей деңгээлде медициналык кызмат көрсөтүү;
- Ишке орношуусуна көмөктөшүү;
- Социалдык жана пенсиялык камсыздоо;
- Жер тилкелерин алууга жана турак жай курууга ссуда берүү;
- Кыргызстандын жарандыгын алуудагы жеңилдик (3 айда алууга мүмкүн экени айтылды).