"Садыр Жапаровдун китебинде айтылгандар боюнча Башкы прокуратуранын иликтөөсүнө ишенбейм”,- деди депутат Исмаил Исаков 21-январда Жогорку Кеңеште. Жыйында Садыр Жапаровдун китебиндеги айтылган айыптоолор тууралуу прокуратуранын иликтөө иши угузулуп жаткан. Исаковдун айтымында, прокуратура иликтөөнү бир жактуу жүргүзгөн.
“Прокуратураны биз билебиз, керектүүсүн кармап, кереги жокторду кармабайт. Силер берген маалыматка эч ким ишенбейт. Анткени Садыр Жапаров китебинде бир канча жетекчинин жасаганын жазып жатат. Силер бир жактуу иликтөө жүргүзүп жатасыңар. Болбосо, Жапаровго 3 тонна алтын чыгып кетип жатканы боюнча маалымат берген УКМКнын кызматкерлеринен эмнеге маалымат алган жоксуңар?”- деп кайрылды Исаков башкы прокурордун орун басарына.
Башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмаматов маалымат берген УКМКнын кызматкерлерин Жапаров өзү да тактабай жатканын айтты.