Президент Алмазбек Атамбаев 20-январда "Мунай жана газ жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.
Өзгөртүүлөр отун-энергетикалык комплекстин ишин жөнгө салган энергетика тармагындагы ченемдик-укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында киргизилди.
Алсак, "Мунай жана газ жөнүндө" мыйзамдын 6-беренесинде жер казынасын пайдалануунун, аларды коргоонун, мунай жана газ чыккан жерлерди иштетүүнүн, ташуунун, эксплуатациялоонун жана сатуунун эрежелерин белгилөө боюнча Кыргызстандын өкмөтүнүн ыйгарым укуктары аныкталды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.