Жогорку Кеңеш коомдук жайларда курал саткан дүкөндөрдү жабуу демилгесин 1-окууда колдоду
Коомдук жайларда курал саткан юридикалык жактардын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 21-январда 1-окууда кабыл алды. Демилге билим берүү мекемелеринде, тамактануу жайларында, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттардын жанында курал саткан дүкөндөрдү жабууга багытталат. Курал сатуу жайлары коррупциялык кесепеттерге жол ачып, мамлекетке кошумча чыгым алып келип жатканы айтылды.