Өзбекстанда 385 миң, Кытайда 189 миң, Тажикстанда 56 миң этникалык кыргыз жашайт

Тарыхый мекенине кайтып келген 40 миңдей этникалык кыргызга Кыргызстандын жарандыгы берилди (1995-2013-жылдар аралыгында). Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдиргендей, учурда башка өлкөлөрдө жашап жаткан 900 миңден ашык этникалык кыргыз бар. Алардын саны:
Өзбекстанда - 385 000;
Кытайда - 189 309;
Тажикстанда - 56 000;
Ооганстанда - 2000;
Батыш Европа жана АКШда - так маалымат жок.  
Маалыматка таянсак, 2013-жылы 5113 этникалык кыргыз өлкө жарандыгын алса, 2014-жылы бул сан 3018ди түздү. 2010-2014-жылдар аралыгында 8893 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан