Чиновниктердин кыргыз тилин билүүсүн милдеттендире турган мыйзам долбоору 2-окууда кабыл алынды
Чиновниктердин кыргыз тилин билүүсүн милдеттендире турган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 21-январь күнү 2-окууда кабыл алды. Бул нормага ылайык, ар бир мамлекеттик кызматкер керектүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсү шарт. Андан сырткары мыйзам нормалары кызматкерлердин кыргыз тилди билүү деңгээлин аныктайт. Демилгечилер бул акыркы учурда мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билбей жаткандыгынан улам иштелип чыкканын айтышты.