Салмоорбек Абдразаков Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору" мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев 21-январда кол койгонун аталган мекемеден билдиришти.