Мамлекеттик органдарды кайрылууларга 14 күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттендире турган мыйзам кабыл алынды

Мамлекеттик органдарды жарандардан түшкөн кайрылууларга 14 күндүн ичинде жооп берүүсүн милдеттендире турган мыйзам долбоору 3-окууда кабыл алынды. Мыйзам Жогорку Кеңештин 21-январдагы жыйынында кабыл алынды. Айрым мыйзамдарда жарандардын кайрылууларына жооп берүү үчүн 1 айлык мөөнөт, ал эми айрым мыйзамдарда 14 күндүк мөөнөт каралган. Ошондон улам мыйзамдар 14 жумушчу күндүк мөөнөт менен шайкеш келтирилгени айтылды. Бул мөөнөт жарандардын кайрылууларына жооп берүү мезгилин эки эсе тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул норманы бузган мамлекеттик органдардын кызматкерлери жоопкерчиликке тартылышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан