Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 21-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда болду. Өкмөт башчы божомолдоо, эскертүү берүү, чукул жана кризистик кырдаалдарды бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системинин иши менен таанышты жана аталган систем жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн абдан зарыл экенин белгиледи.
"Жарандардын коопсуздугун камсыздоо - биздин приоритеттүү милдеттерибиздин бири. Чукул жана кризистик кырдаал учурунда кандай чараларды көрүшү керектигин ар бир жаран билиши шарт. Ошондуктан элге маалыматтык кампания жүргүзүп, тренингдерди өткөрүү зарыл. Атайын роликтерди да көрсөтүү кажет",- дейт Оторбаев.
Өкмөттөн билдиришкендей, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге жана бардык күч органдарына тапшырма берилерин кошумчалады өкмөт башчы.