Жогорку Кеңештин 22-январдагы жыйынында Ак үйдүн аталышын өзгөртүү демилгеси кайрадан сунушталды. Демилгени жыйында депутат
Малик Осмонов көтөрүп чыкты. Анын айтымында, АКШ, Орусия жана коңшу мамлекеттер сыяктуу Кыргызстандын да башкы администрациялык мекемесинин өз аты болуш керек.
"Бул маселени Жогорку Кеңештин комитеттерине алып чыгам, ал жерден каралып, анан жалпы жыйынга чыгарабыз",- деди Осмонов.
Эскерте кетсек, мындай сунуш депутаттар тарабынан былтыр апрель айында да көтөрүлгөн эле.