"Мигранттар Орусиянын "кара тизмесинен" чыгуу үчүн 60 миң сомдон төлөп жатышыптыр" дейт депутат Бакир уулу

"Орусияда "кара тизмеге" кирип калгандарды тизмеден чыгарабыз деп Бишкектеги Жаштар департаменти 60 миң сомдон алып жатыптыр",- деп билдирди депутат Турсунбай Бакир уулу. Депутат бул маселени 22-январда Жогорку Кеңеште көтөрдү. "60 миң сом бергендер "кара тизмеден" чыгарылып, бербегендер чыгарылбай калат экен. Бул эмне деген бизнес? Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги каякты карап отурат? Биз министрди ушул үчүн шайладык беле?"- деген Бакир уулу маселени көзөмөлгө алууну өкмөткө тапшырды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан