Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу боюнча жер маселеси толук чечиле элек

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңеште депутат Нарынбек Молдобаев Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу боюнча жер маселеси чечиле электигин билдирди. Бул боюнча ага Нарын облусунун тургундарынан кайрылуу келип түшкөнү айтылды. "Мен бул маселени иликтеп чыктым. Плотина түшчү аймакта 3,5 гектар жеке менчик жер бар экен. Менчик жер ээлерине башка аймактан таштак жер сунушталып жатыптыр. Алар жок дегенде кыртышы жок жерге топурак төктүрүп беришсе деген өтүнүчүн билдиришүүдө. Өкмөт бул маселени тезинен чечип бериши керек. Ансыз ГЭСтердин курулушу тоскоолдукка учурайт",- дейт Молдобаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан