Бүгүн, 22-январда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуусунда бала бакча маселесин көтөрдү.
"Акыркы 5 жылдын ичинде бала бакчалардын саны 1,5 эсе өскөн. Учурда балдардын 16,5 пайызы мектепке чейинки мекемелерде тарбияланышат. Эгер өлкөнүн экономикалык абалын эске алсак, бул жакшы көрсөткүч. Ошол эле учурда бала бакчалар толуп калууда. Айрым мекемелерде бир керебетте экиден бала жатат. Биз жеке бала бакчалардын санын көбөйтүп, аларда кабыл алынган стандарттардын аткарылышын унутпашыбыз керек. Балдардын ата-энелери тарабынан оорулар боюнча арыздар түшүүдө. Мындан улам ар бир жеке бала бакчанын штатында медициналык кызматкер бар болушу керек",- деди Ниязалиева.