Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун тизесине операция жасалды. Бул боюнча спикердин басма сөз катчысы Нурканбек Керимбаевге кайрылсак, буларды билдирди: "Асылбек Шарипович спорттук машыгуу залынан бутун кичине кокустатып алып, бутуна жеңил операция жасалды. Учурда абалы жакшы. Эмки аптада жумушка чыгат".