Эрмек Мамыркалиев Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр
Жоомарт Оторбаев кол койгонун 22-январда аталган министрликтен кабарлашты. Айта кетсек, министрликтин буга чейинки статс-катчысы
Максатбек Дыйкановго кылмыш иши козголуп, 2014-жылдын июль айында камакка алынган. Ал "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда. Ага козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлгөн.
Э.Мамыркалиев:
Туулган жылы - 1963-жыл, 11-декабрь.
Туулган жери - Бишкек шаары.
Улуту - кыргыз.
Билими - жогорку, Москва жогорку техникалык университетин, Кыргыз улуттук университетин аяктаган, адистиги - инженер-механик, юрист.
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис.
Буга чейин транспорт жана коммуникация министринин кеңешчиси болуп иштеп келген.