Бир номур менен өлкөнүн бардык байланыш операторлоруна чыгуу мүмкүнчүлүгү каралууда

“Электр жана почта байланышы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 22-январда парламентте каралып, 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи - депутат Өмүрбек Текебаев. 

Баяндама жасаган депутат Жусупали Исаевдин айтымында, мыйзам долбоорунда бир номур менен өлкөнүн бардык байланыш операторлоруна чыгуу мүмкүнчүлүгү киргизилип жатат. Тактап айтканда, жарандар бир уюлдук оператордон башкасына өтүүдө эски номурун алмаштырбай коё алышат. "Мындай мүмкүнчүлүк адамдарга кыйла ыңгайлуулуктарды түзөт",- дейт депутат.

Эгер мыйзам кабыл алынып калса, 2016-жылга карата даярдык көрүлө турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан