21-январда премьер-министр Жоомарт Оторбаев министрлик жана ведомство жетекчилери менен Кыргызстандын жаңы Фискалдык саясат концепция долбоорунун ишке ашырылышын талкуулады.
Жаңы Фискалдык саясат концепциясынын максаты - өлкөнүн салык мыйзамында белгиленген негизги принциптерди максималдуу түрдө ишке ашыруу.
Премьер-министр жаңы концепцияны ишке ашыруу маселеси көптөн бери талкууланып жатканын жана аны кабыл алууну тездетүү зарылдыгын айтты. “Бизге бул документ керек. Ошондуктан жакынкы арада концепцияны бекитүү боюнча конкреттүү кадамдарды кабыл алуу керек",- деген Оторбаев ведомство жетекчилерине кошумча түрдө концепцияны ишке ашыруу боюнча календардык планды иштеп чыгууну тапшырды.
Өкмөттөн билдиришкендей, жер салыгын чогултуу милдетин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү, салык төлөмдөрүн толук администрациялоого өткөрүү маселесин тезинен чечүү зарылдыгын белгиледи премьер.