Жаратылыш газы үчүн 35 пайыздык бажы алымын мыйзамдан алып салуу демилгеси 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Жогорку Кеңеш 22-январда жаратылыш газы үчүн 35 пайыздык бажы алымын мыйзамдан алып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун 2-окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү. Долбоор калкка газды арзан баада берүү максатында иштелип чыкканы айтылды. Учурда Орусиядан газдын 1000 метр кубу 165 доллардан сатылып алынууда. Ага ылайык, калкка газдын метр кубу 13 сомдон берилип жатат. Демилгечилер ыйзамдан 35 пайыздык бажы алымын алып салбаса, газдын баасы 17 сомго чейин кымбаттап кетиши мүмкүн" дешти. Депутат Улукбек Кочкоров бажы алымын бир гана жаратылыш газынан эмес, жалпы товарлардан алып салууну сунуш кылды, бирок демилгечилер буга каршы пикирлерин айтышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан