Кыргызстандагы таксисттерди патент алууга милдеттендире турган мыйзам долбоору сунушталууда

22-январда Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы таксисттерди патент алууга милдеттендире турган мыйзам долбоорун 1-окууда карап жатат. Ички иштер министрлигине караштуу Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченконун айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, оор жүк ташуучу унаалардын ээлери 6000 сомдон, жеңил унаалардын ээлери патент үчүн 1000 сомдон 3000 сомго чейин төлөшү керек болот. Акчаны төлөөдөн баш тарткандар бир жылга унаа айдоо укугунан ажыратылмакчы. Депутат Улукбек Кочкоров "бул норма, тескерисинче коррупцияга, жол ачат" деп билдирди. Эл өкүлү Анарбек Калматов эл МАИ кызматына ишенбей турганда мындай норманын кереги жоктугуна токтолду. Талкуу соңунда демилге 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан