"Сырттан алынып келип жаткан күйүүчү майлар боюнча элде даттануулар болуп жатат",- деп билдирди депутат Эсенгул Исаков 22-январда Жогорку Кеңеште. "Күйүүчү майлар мамлекеттик стандартка ылайык келеби?" деген суроо жаралат. Экология бузулганы аз келгенсип, автоунаалардын, айыл чарбасына келген жаңы техникалардын кыймылдаткычтары иштен чыгып жатат. Мындай жагдайларды эске алуу менен комиссия түзүп, бензиндин сапатын текшерип чыгуу керек. Буларды кайсы тармак карап жатат?"- дейт Исаков.
Мындан сырткары Сокулук районунун Новопавловка айылындагы жер сатуу боюнча коррупцияга каршы күрөшүү иши жылбай, жергиликтүү эл чыңалууга бара жатканын айтып, бул маселени Ички иштер министрлигине өткөрүп берүүнү сунуштады.