"Жогорку Кеңеш өкмөттүн филиалына айланып калды" дейт депутат Бакир уулу

"Жогорку Кеңеш өкмөттүн филиалына айланып калды". Мындай пикирди депутат Турсунбай Бакир уулу парламенттин 22-январдагы жыйынында билдирди. Депутат өкмөт көтөрө турган демилгелерди эл өкүлдөрүнүн көтөрүп жатышын сынга алды. "Бардык маанилүү мыйзамдарды өкмөттүн ордуна депутаттар жазышууда. Бул кандайча? Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин филиалыбы же тескерисинчеби? Мындай көрүнүштү токтотуу зарыл. Өкмөттү ойготпосок болбойт",- деди депутат. 
Буга чейин да мындай сын депутаттар тарабынан айтылып келген. "Башка мамлекеттерде мыйзамдардын 80 пайызын өкмөт даярдайт, бизде тескерисинче" деген пикирлер айтылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан