"СССР маалында “Бардыгы балдар үчүн!” деген ураан бар эле. Бүгүнкү күндө
балдарды коргоо жаатында мыйзамдар, өкмөттүк эмес уюмдар көп. Бирок балдарга болгон
зордук-зомбулук барган сайын күч алууда". Мындай пикирди бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат
Карамат Орозова сунуштады. Депутат азыркы тапта КРнын Балдар кодексине, Үй-бүлө кодексине, Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү
түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгиледи. Ошону менен катар балдардын укуктарын коргоо жаатында өкмөттүк деңгээлде
Координациялык кеңеш түзүүнү да сунуштады.
Айта кетсек, өлкөдө балдарга зомбулук көрсөтүү фактыларынын көбөйүшүнөн улам балдарды кордогондорго өлүм жазасын колдонуу демилгеси көтөрүлүүдө. КРнын Конституциясына ылайык, адамдарды өлүм жазасына тартууга жол берилбейт.