Жогорку Кеңеш 22-январда “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун карап, 3-окууда добуш берүүгө жөнөттү. Ага ылайык, жаңы конуштардын тургундарын таза суу менен камсыз кылган ишканаларды 2 пайыздык салыктык эмес төлөмдөн бошотуу каралууда. Бул багыттан бюджетке жылына 20 миллион сом көлөмүндө каражат чогулат. Бирок бюджетке анчалык деле терс таасирин бербей турганы айтылды.