Тарыхый объектилерди сактоого багытталган мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңеште “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорун парламентке маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиев алып чыкты.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо жана пайдалануу, ошондой эле мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан.

Мында археологиялык эстеликтерди коргоо, тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынары аныкталган. Ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерин издөө үчүн жеке жана юридикалык жактардын атайын техникалык куралдарды (металл издөөчү, металлодетектор, радарлар жана магниттик аспаптар) атайын уруксатсыз колдонуусуна тыюу салынат. Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду.

508 республикалык маанидеги, 1000ден ашуун жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттери бар экенин айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан