Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева 23-январда Бишкектин Октябрь райондук сотунда өтчү сот процессине катыша албайт. Муну 22-январда SUPER.KG порталына депутаттын жактоочусу Нургазы Сыдыков билдирди. Анын айтымында, Аманбаева операциядан кийин өзүнө келе албай жатат. "Ден соолугу начар болууда, ошон үчүн ишке чыкпай жатат да. Ден соолугу жакшырса, балким, мындан кийинки сот отурумдарына катышышы мүмкүн. Врачтар азырынча кардарымдын дарылануудан өтүп турушу керектигин айтышууда",- деди Сыдыков.
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.