Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 22-январда Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү жана окумуштуулар менен жолугушуу өткөрдү. Өкмөт мүчөсү билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн педагогдор менен окумуштуулар тобун биригип иш жүргүзүүгө чакырды.
"Акыркы мезгилде бала бакчалардын саны 1,5 эсеге көбөйдү, учурда балдардын 16,5 пайызы гана бала бакчаларга барышат. Совет учурунда бул көрсөткүч 36 пайызды түзчү. 600 миңдей бала түрдүү себептер менен бала бакчаларга бара албай жатышат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жеке бала бакчаларды ачууга жеңилдиктерди берүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды",- деди Ниязалиева.
Жогорку билим берүү тармагына токтолгон вице-премьер: "Азыр көптөгөн жогорку окуу жайлары абитуриенттер менен алардын ата-энелери популярдуу деп эсептеген адистиктер боюнча кадр даярдап чыгууга ыкташкан. Бирок окуу жайды бүткөндөн кийин көбү ишсиз калышууда, анткени алардын адистиктери боюнча эмгек рыногу толо. Жогорку билим берүү системи эмгек рыногундагы реалдуу суроо-талапка жараша кадр даярдап чыга тургандай болуп кайра түзүлүшү керек",- деп билдирди.