Конституцияда камтылган мамлекеттик органдарды каттоосуз эле юридикалык жак катары таануу сунушталууда

Жогорку Кеңеште 22-январда “Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, мыйзамдагы бир катар карама-каршылыктар өз ара шайкеш келтирилүүдө. "Кыргызстандын Конституциясында камтылган мамлекеттик органдар каттоосуз эле юридикалык жак катары таанылат. Алар сөзсүз эле юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш эмес. Андан сырткары каттоо органдары аталышында адамдын же коомчулуктун беделине шек келтирген белгилер байкалган уюмдарды каттоодон баш тарта алат",- дейт министр.

Депутат Дастан Бекешев юридикалык жактарды онлайн режиминде электрондук каттоодон өткөрүү сунушун берди. Баяндамачы сунуш өтө ыңгайлуу экенин белгилеп, келечекте аны колго алууга убада берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан