Телекоммуникация рыногунда инвестиция салууга жол ачуу жана ишкердикке жагымдуу шарттарды түзүү максатында мыйзамдын 16-беренесине киргизилген жаңы жобого ылайык, Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн айырмаланып байланыш операторлоруна бир эле мезгилде байланыштын жылып турма дагы, фиксацияланган дагы кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салуу алынып салынат. Колдонуудагы жобо бизнести кеңейтүү боюнча ишкердиктин мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу чектеген жана байланыштын түрлөрүн конвергенциялоо процессине тоскоолдук кылган.
Мындан тышкары “Электр жана почта байланышы жөнүндө” КРнын мыйзамы жаңы 34¹-берене менен толукталат. Ага ылайык, Кыргызстандын чек арага жанаша аймагында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө байланыш линияларын куруунун, эксплуатациялоонун жана тейлөөнүн, анын ичинде кабелди төшөөнүн жана линиялык-кабелдик курулмаларды куруунун, байланыштын линиялык-кабелдик курулмаларында курулуш жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.