Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Тараптар тышкы саясаттагы маанилүү иштерди талкуулашты. Мындан тышкары Кыргызстанды 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиясын ишке ашыруудагы Тышкы иштер министрлигинин милдеттери, анын ичинде өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо менен тышкы саясатты эффективдүү жүргүзүү маселеси талкууланганы айтылды.