Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-январда Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын 55 жылдыгы менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосунда булар айтылат:
“Урматтуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын кызматкерлери жана мүчөлөрү!
Сиздерди Соода-өнөр жай палатасынын түзүлгөндүгүнүн 55 жылдык мааракеси жана палатанын IX съезди менен чын дилимден куттуктайм!
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы талыкпаган эмгек менен өнүгүүнүн жолун басып өттү. Ал республикадагы жана чет өлкөдөгү ишкерлердин бирикмелери, ошондой эле мамлекеттик уюмдар менен өнөктөштүк түзүп, улуттук экономикабызды өнүктүрүүгө зор көмөк көрсөтүп, өзүнүн беделин көтөрдү. Соода-өнөр жай палатасы ушул кезге чейин өз ишинде "бизнестин кызыкчылыгы – коомдун жыргалчылыгы үчүн" деген принцибин катуу карманып келди.
2015-жыл "Улуттук экономиканы чыңдоо жылы" деп жарыяланды. Кыргызстан Евразия экономикалык союзуна кошулат. Өлкөбүздүн экономикасын андан ары өнүктүрүү үчүн кеңири жол ачылат. Жаңы шарттарда палата өзүнүн милдетин жакшы аткарып, келечекте да улуттук ишкердикти чыңдоо, кыргыз жана чет элдик өнөктөштөрдүн ортосундагы тышкы экономикалык байланыштарды бекемдөө боюнча максаттуу жана жигердүү иштерди өлкөбүздүн байгерчилиги үчүн жүргүзөт деп терең ишенем.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын кызматкерлерине жана анын мүчөлөрүнө ийгиликтерди, жакшы жетишкендиктерди каалайм!"