Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары
Асия Сасыкбаева
бүгүн, 23-январда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси
Метин Кылыч менен жолугушту. Жолугушууда Сасыкбаева Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда жылуу мамиле түзүлгөнүн
белгиледи. Ал Кыргызстандын ЕКПАнын «демократия боюнча өнөктөш» статусуна ээ
болушуна кошкон салымы үчүн Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын
мурдагы эксперт-баяндамачысы, Түркия Улуу Улуттук жыйынынын депутаты
Мевлют
Чавушоглуга ыраазычылык билдирди.
Метин Кылыч эки өлкө ортосундагы, анын ичинде эл аралык
уюмдардын алкагында эки өлкө ортосундагы кызматташтык алакаларды арттырууга өз
салымын кошууга даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда парламенттер
аралык байланыштарды чыңдоо жаатында да пикир алышты.