Алмазбек Атамбаев жергиликтүү соттордун 4 судьясынын ыйгарым укуктарын узартты

Кыргызстанда бир катар жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктары узартылды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 22-январда кол койгонун президенттик аппараттан маалымдашты. Төмөнкү судьялардын иштөө мөөнөттөрү узартылды:  
Марат Акбердиев - Нарын облусунун райондор аралык сотунун судьясы;
Тилекбек Батырбеков - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун судьясы;
Аскарали Бекмурзаев - Талас облусунун райондор аралык сотунун судьясы;
Таирбек Түлөнбаев - Баткен облусунун райондор аралык сотунун судьясы.
Буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан