Айнуру Алтыбаева: "Мугалимдер маяналарын тезирээк көтөрүүнү суранышууда"

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 23-январда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу №74, 105, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө караштуу №9, 12, 55, 75-орто мектептеринин мугалимдери менен жолугушту.   

Жолугушууда мугалимдер алардын эмгек акыларын жогорулатуу жөнүндө токтом кабыл алып бергени үчүн парламентке ыраазычылык билдиришти. Депутаттын айтымында, мугалимдер маяналарынын аздыгы пенсия өлчөмүнө да терс таасирин тийгизерин айтышып, токтомдун аткарылышын тездетүүнү өтүнүштү. Мындан тышкары мектептерде пайдаланылган окуу китептери менен көрсөтмө куралдардын сапатынын начардыгы тууралуу маселе көтөрүлдү.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, депутат Алтыбаева мугалимдердин маянасын жогорулатууга тийиштүү токтомдун ишке ашышын көзөмөлгө алууга сөз берди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан